Ошто аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

Ош облусунда аскер кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында 24-февралда КР Аскер прокуратурасынын органдары менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелген Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматчыларын кармады.

Кылмыш ишинин алкагында кармалгандар мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн, жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.

Связанный пост