Кыргызстанда жумуртка, күрүч жана жер-жемиш арзандады

 Кыргызстанда жумуртка, күрүч жана жер-жемиш арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Кыргызстандагы, ошондой эле Россия, Казакстандагы азык-түлүк түрлөрүнүн бааларына салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү.

Анализдин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда биринчи сорттогу буудай 0.7%, импорттук буудай 0.5%, күрүч 1.1%, жумуртка 2.9%, сабиз 2.2%, пияз 2.3%, ошондой эле импорттук буудай уну 0.1%, суу май 0.4%, уй эти 0.5%, кой эти 0.2%га арзандады. Ошол эле маалда кумшекер 0.1%га кымбаттады.

Казакстанда 3.2% майлуулуктагы стерилденген сүттүн баасы 1.9%, жумуртка 1.1%га кымбаттаса, ал эми сабиздин баасы 7.3% жана картошка 6.6%га арзандаган.

Россияда азык-түлүктүн баасы туруктуу бойдон калууда, нан азыктарынын баасы болгону 0.7%га жогорулаган.

Связанный пост