ИИМ массалык башаламандык уюштурууга шектүүлөрдү кармады
Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Милицияга 2024-жылы 20-декабрда “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушуларды байма-бай уюштуруп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерин уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Ошентип, бүгүн, 24-февралда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрүнүн жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тинтүүнүн жүрүшүндө далил катары: граната, чолок мылтыктар (обрезы), тапанча жана ок-дарылары, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар (холодное оружие), унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдары табылган.
ИИМдин Тергөө кызматына төмөндөгү жарандар жеткирилген: 1963-жылы туулган У.К., 1956-жылы туулган Ч.А., 1983-жылы туулган И.К., 1965-жылы туулган Н.К., 1969-жылы туулган И.Д., 1965-жылы туулган Т.Ж., 1967-жылы туулган О.И., 1979-жылы туулган И.Ж., 1975-жылы туулган А.К., 1968-жылы туулган У.К., 1961-жылы туулган К.Б. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты дагы бар.
Шектүүлөргө карата тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.