“Барселона” футбол клубунда колунда жоктор машыга албайбы? Президенттин жообу

 “Барселона” футбол клубунда колунда жоктор машыга албайбы? Президенттин жообу

Соңку мезгилде Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Жер-жерлерде спорт аянтчалары курулуп, футбол сүйүүчүлөрү үчүн шарттар түзүлүүдө. Анын ичинде Бишкекте курулуп жаткан “Барселона” футбол клубунун айланасында ар кандай божомолдор айтылууда. Мындан улам “Кабар” агенттиги өлкө башчысына кайрылып, айрым жагдайлар боюнча комментарий алды.

– Саламатсызбы, «Клооп» сайтынын ишмердүүлүгү Кыргызстанда сот тарабынан жоюлганы маалым. Болбой эле өздөрүнүн материалдарын соцтармакта жарыялап келишет жана ага ишенип алган жарандар да бар.

Ушуга байланыштуу акыркы материалына комментарий берсеңиз.

Анда Бишкектеги «Барселона» футбол клубунда колунда жоктор машыга албайт деген мааниде маалымат беришти. Бул социалдык эле долбоорбу?

– Спортто күч атасын тааныбайт дейт. Айрыкча футболдо талантың жок болсо, мага десең королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Ал эми күчтүү болсоң, айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат. Азыркы Кыргызстандын курама командасын караңыздар. Бир дагы байдын же чиновниктин баласы жок. Тескерисинче жөнөкөй калктын арасынан чыккан балдар жүрүшөт. Мисалга алсак, раматылык Жаныбек Алыкуловдун баласы курама командабызда чабуулчу болуп жүрөт. Ал киши чиновник болгон эмес. Жөнөкөй эле куудул, артист болгон.

Ошондуктан бүткүл өлкөбүздүн жаштарына кайрылам. Футбол менен машыккыла. Бардык шарттар түзүлүп жатат. Өлкө боюнча ар бир айылга кичи футбол аянтчасын куруп келе жатабыз.

Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары облустардын, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Азыр ким болбосун, биз баарына бирдей шарттарды түзүп беребиз.

Анан алдыда келе жаткан 10 жылдан кийин жаштардан жыйынтыгын сурай баштайбыз. Ошондуктан КЛООПтун бузук саясатына ишенбей машыккыла. Таланты ташкындап турган балдарды мейли кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз.

– Сөз болгон материалда курулуш иштерине Сиздин жана УКМКнын төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экени, алар 1600 батирдин курулушуна аралашып жатканы айтылат. Ушул боюнча кандай комментарий бересиз?

– Мейли ким болбосун курулушка катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объекттер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт.

Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн өзү 20-30 жылда актайт. КЛООП курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели курсун. Сөз берем. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт.

Мындай сынчыларды акыркы 30 жылда элдин баары билип бүттү. «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп алдыга карай кете берели.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Связанный пост