ТИМ: Ленинградда өрттөн жабыркаган бир кыргызстандыктын абалы оор

 ТИМ: Ленинградда өрттөн жабыркаган бир кыргызстандыктын абалы оор

Россиянын Ленинград облусунда кафеден чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алган.

“Бир кыргызстандык өтө оор абалда ооруканага жаткырылган. Эки жаран Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, ал эми Кыргызстандын дагы эки жаранына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Россиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта жана бул маселени көзөмөлгө алууда.

Связанный пост