Өлкөдө картошканын кору жетиштүү
Өлкөдө картошканын кору (запасы) жетиштүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, республика боюнча картошкага болгон бааны туруктуу кармоо максатында, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Маселен, 3-февралда Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, ыкчам көрүлгөн чаралардын негизинде ошол эле күнү кечке маал картошканын дүң баасы турукташып, 49 сомго түшкөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
“Азыркы учурда өлкөдө картошканын кору жетиштүү. Дыйкандар картошкаларын жер төлөдө сактап жатышат. Базарга келгенде ортомчулар картошканын баасын 75 сомго чейин көтөрүп жиберишүүдө. Аларга да бул боюнча чаралар көрүлөт. Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат”, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.
Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев дыйкандарга кайрылып “Быйыл жаздын эрте келиши күтүлүүдө. Үрөндөр эрте себилип, түшүмдөр да эрте жыйналат. Картошканын корун жазга чейин кармоонун зарылчылыгы жок. Азыркы учурда баасы жакшы болуп турганда сатып, киреше таап алууга чакырам”, – деп кошумчалаган министр.