Адылбек Касымалиев: Акыркы 4 жылда мамлекеттин бекем фундаменти куюлду
Акыркы 4 жылда мамлекеттин бекем фундаменти куюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.
МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында болуп жаткан экономикалык, социалдык реформалардын жүрүшү, саясий абалдын өзгөрүшү – 2025-жылга гана эмес, 2030-жылга чейинки планды так иштеп чыгууну талап кылып жатканын белгиледи. Ал 2026-жылга чейинки түзүлгөн план мөөнөтүнөн мурда аткарылганын кошумчалады.
“Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин ишин канааттандырарлык деп тапты. Эл аралык коомчулукта да Кыргызстандагы өзгөрүүлөр боюнча оң пикирлер айтылууда. Мисалы: Бириккен Улуттар уюмунун Генералдык катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын өнүгүүгө карай жасаган аракеттерине, темпине суктанганын билдирди. Эл ичинде Президентке, Министрлер Кабинетинин ишине, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөштөгү иштерге ишеним жогорулады. Акыркы 4 жылда фискалдык реформа жана санариптештирүүнүн, коррупцияга каршы катаал күрөштүн натыйжасында биз бюджетти кирешеге толтуруп, дефициттен профицитке өткөрдүк, мугалимдердин, врачтардын, маданият кызматкерлеринин, аскерлердин, укук коргоочулардын эмгек акысын, пенсияларды, жөлөкпулдарды олуттуу көбөйтө алдык. Муну менен мамлекет өзүнүн функцияларын толук кандуу аткара алды”, – деди ал.
Адылбек Касымалиев экономиканын структурасында, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө, экономикалык дипломатияда жана социалдык саясат маселелеринде оң өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-декабрында өлкөнүн ички дүң продуктусу 1,5 трлн сомдон ашканын, 2023-жылга салыштырмалуу 9%га өсүш болгонун айтып өттү. Бул темп жөн гана сакталбастан, мындан да жакшырууга тийиш.
“Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коюлса, 2025-жыл – мамлекеттин аймактык бүтүндүгү такталган тарыхый жыл болот. 2025-жылы 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынат. Анын алкагында жакынкы 6 жылдык план аныкталат. Биздин максат – мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, элдин жыргалчылыгын жакшыртуу, адамдык потенциалды өнүктүрүү, экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана улуттук долбоорлорду ишке ашыруу. Акыркы 4 жылда мамлекеттин бекем фундаментти куюлду. Кыргызстан өнүгүүнүн биринчи этабын татыктуу басып өттү. 2030-жылга чейинки программаны кабыл алуу менен биз өнүгүүнүн экинчи этабына киребиз. Убакыт, тартип, чечим – бул биздин иштин өзөгүн түзөт”, – деп, сөзүн жыйынтыктады.
Жыйындын күн тартибине 2024-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги жыйынтыктары жана 2025-жылы өнүктүрүүнүн келечеги, перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмеси, 2024-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана 2025-жылга карата милдеттер, 2024-жылдагы Энергетика министрлигинин ишинин жыйынтыктары, тармактык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү жана 2025-жылга карата милдеттер, 2024-жылдагы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишинин жыйынтыктары, тармактык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү жана 2025-жылга карата милдеттер, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, тармактык реформалардын жүрүшү жана 2025-жылга коюлган милдеттери, 2024-жылдагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишинин жыйынтыктары жана 2025-жылга артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маселелер киргизилди.