Кыргызстан менен Япония кадрларды кесиптик даярдыктан өткөрүү жаатында кызматташат

 Кыргызстан менен Япония кадрларды кесиптик даярдыктан өткөрүү жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Япония кесиптик даярдыктан өткөрүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын IM JAPAN компаниясынын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири карап чыгып, IM Japan компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары, атап айтканда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен өз ара кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, IM Japan компаниясы Кыргызстандан жыл сайын 100гө жакын стажёрду Японияда кесиптик даярдыктан өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Такшалтуу программасы медайымдык иш, HoReCa (мейманкана жана ресторан бизнеси), транспорттук кызматтар (айдоочулар), ашпозчулук иш сыяктуу тармактарды камтыйт.

Муну менен катар Японияга жөнөтөрдөн мурун стажерлор ар тараптуу (жапон тилин үйрөнүү, өлкөнүн маданияты менен таанышуу жана кесиптик милдеттерин өздөштүрүү) даярдыктан өтүшөт. Японияга баргандан кийин катышуучулар үчүн квалификациясын жогорулатууга багытталган кошумча окутуу да каралган.

IM Japan компаниясы программа бүткөндөн кийин стажёрлорго колдоо көрсөтүүгө, алардын алган билими менен жөндөмдөрүн Кыргызстанда колдонууга көмөктөшүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул ыкма региондордогу кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана кесиптик деңгээлди жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, тараптар программаны жакын арада ишке ашыруу үчүн анын шарттарын жана механизмдерин талкуулоону улантмай болушту.

Связанный пост