Ала-Тоо аянтындагы “Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкциялоо иштеринин алкагында монументтин постаменти толугу менен жаңыланат жана жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет.

“Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, “Айкөл Манас” монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Манастын эстелиги реконструкциялоо учурунда сактоого өткөрүп берилет.

Связанный пост