Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү
2024-жылы республиканын бардык облустарында эт өндүрүүнүн көлөмү жогорулады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул айыл чарбада малдын көбөйүшү менен байланыштуу.
Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориядагы чарбаларда тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.
Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-декабрь айларында республикада 1 823,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 46 182 тоннага, же 2,6 пайызга сүт көп.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республикада эң сүттүү саан уйлар Чүй (3169,2 кг), Талас (2346,6 кг) жана Ысык-Көл (2136,7 кг) облустарынын чарбаларында өстүрүлөт. Бул көрсөткүчтөр орточо бир уйдан саалган сүттүн республиканын башка аймактарындагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору экенин билдирет.
Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 790 млн 282 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул мурунку жылга менен салыштырмалуу 104 млн 543 миң даанага, же 115,2 пайызга көбүрөөк.
Республикада жумуртка өндүрүү бардык облустарында көбөйүүдө. Жумуртка өндүрүүнүн жогорулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана орточо тукумдуулугу 13 даана жумурткага жогорулашы менен байланыштуу.
Жүн өндүрүү. 2024-жылдын аягына карата республикада 13 157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштыр малуу 243 тоннага көп, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9 пайызды түзгөн.
Республиканын бардык облустардагы чарбаларда жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөнү байкалат, эң негизги себеби – койлордун саны 37 609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогорулашы менен байланыштуу.