Адылбек Касымалиев Ысык-Ата жана Өзгөн райондорунун жергиликтүү бийлик органдарына 25 унаанын ачкычын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Ысык-Ата жана Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрацияларына жана 25 унаанын ачкычын тапшыруу аземине катышты.
Унаалар аталган райондордун айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилет.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өлкөдө тарыхый мааниге ээ административдик-аймактык реформа жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформанын алкагында республикада 231 айыл аймагы, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү.
«Реформанын 1-этабынан кийин бирдиктүү региондук программанын негизинде мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталды. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет. Сиздер бул иште пионер болосуздар. Бул боюнча Президенттин 15-ноябрда Жарлыгы чыкты, ага ылайык, Өкмөттүн токтому даярдалды. Токтом менен Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландары бекитилди», – деди ал.
Адылбек Касымалиев аймактардагы шаарларды өнүктүрүүгө бир топ каражаттар бөлүнүп жатканын айтып сөзүн улады. Алсак, Жалал-Абад шаарына 2,2 миллиард сом, Каракол шаарына 2 миллиард сом, Кара-Балта шаарына 1 миллиард сом, Токмок шаарына 1 миллиард сом, Балыкчыга 300 миллион сом, Талас шаарына 300 миллион сом бөлүнгөн.