Кыргызстанда былтыр 230 соцобъект пайдаланууга берилди
Кыргызстанда былтыр 230 социалдык объект пайдаланууга берилди, анын ичинде жаңылары жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү да бар. Бул тууралуу 2024-жылдын январь-декабрына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин экспресс маалыматында айтылат.
Ведомстводон белгилешкендей, 100дөн ашык мектеп, 50 бала бакча, оорукана, спорт комплекстери, маданият үйлөрү, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн 22 объект курулган.
Бул иштерди жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 13 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.