Кыргызстанда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 44,3% түзөт

 Кыргызстанда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 44,3% түзөт

2024-жылы Кыргызстанда бала бакчага барган балдардын саны жалпы балдардын 44,3 пайызын түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, былтыр мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган же бала бакчага барган балдардын көрсөткүчү 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өскөн.

Белгилей кетсек, биринчи нөөмөттөгү мектептерде, бош турган имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылган. Республикадагы китепканаларда жыл сайын 50 баланы камтыган өнүктүрүү борборлору ачылып, алардын саны үч жүзгө жеткен. Өкмөттүк акселераторлор долбоорунун алкагында 257 үй тибиндеги бала бакча уюштурулган. Натыйжада 2024-жылы 6 жаштагы балдардын 98 пайызы же 86,6 миң бала мектепке чейинки даярдоодон өткөн.

Ал эми өлкөдө мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү, бала бакчалардын санын көбөйтүү максатында бир катар чечимдер кабыл алынып, бала бакча ачкан ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдиктер жана ыңгайлуу насыялар берилүүдө.

Алар:
– Мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук түрдө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
– Бала бакчаларды ачуудагы тоскоолдуктарды жоюу тууралуу чечимдер кабыл алынды. Эми бала бакчалар лицензия алууга милдеттүү эмес, болгону кабарлоо гана жетиштүү.
– Үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салыктан бошотулду.
– Жеке ишкерлер акысыз окутуудан өтүп, сертификат ала башташты.
– Биринчи жолу мамлекеттик банктар бала бакчаларды курууга, оңдоого жана материалдык базасын жакшыртууга 3-5 жылга 70 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя бере баштады.

Ошондой эле маалыматта белгиленгендей, мектепке чейинки билим берүүдө жаңы курулган бала бакчаларга, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачууга, бала бакчалардагы уктоочу бөлмөлөрдү окуу бөлмөсүнө өзгөртүүгө 1,5 млрд сом сарпталган.

Связанный пост