11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот

 11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот
Эмгек министрлиги эскертет: 11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 11-январь күнү (ишемби) жумуш күнү деп эсептелет. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
3 – январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу практикасын алып салуу пландаштырылууда.

Связанный пост