ЖКККББ: Мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратына жетекчилик тарабынан өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков өлкө башчыбыздын III Элдик Курултайдагы  мыйзамдуулукту орнотуу боюнча талаптарын жана ИИМдин эки айлык комплекстүү иш-мерчеминин тийиштүү тапшырмаларын кынтыксыз аткаруу, ошондой эле кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, жарандар менен болгон мамиледе сылык болуу менен  коюлган милдеттерди так жана натыйжалуу аткаруу боюнча ИИМдин буйрук, нускамаларын  жеткирди.

Жыйындын жүрүшүндө жол  кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү иш-мерчемдердин талаптарын аткаруу зарылчылыгын белгилеп, жарандарыбыздын эс алуу убактыларында аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, коопсуздугун камсыздоо менен жол тыгындарына жол бербөө талаптары коюлду.

Айрыкча кызматкерлердин  кесипкөйлүгүн, укуктук маданиятын жогорулатуу менен  коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керек экендигин катуу эскертти.

Связанный пост