Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы 2025-жыл менен куттуктады.
“Узап бараткан 2024-жылы тажик-кыргыз мамилелеринин маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибиздин оң натыйжаларын канааттануу менен белгилегим келет.
Бул процессти достук, ынак коңшулук, түшүнүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу илгерилетүү максатында бардык деңгээлдерде конструктивдүү диалогду улантууга бекем ниеттебиз.
Мындан ары да биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына ылайык жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөк көрсөтөбүз деп ишенем.
Сизге чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине – тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.