Ош облусундагы фермерлерге 110 млн сомго асыл тукум мал сатып алынды

 Ош облусундагы фермерлерге 110 млн сомго асыл тукум мал сатып алынды

Министрлер кабинетинин демилгеси менен республикада “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоору жигердүү ишке ашып жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында малдын асылдуулугун арттыруу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ош облусунун 61 фермерине эт-сүт багытындагы асыл тукум мал сатып алынган.

Жалпысынан 110 млн 670 миң 500 сомго 837 асыл тукум мал сатып алынган. Алар:

  • голштейн тукумундагы 8 баш мал – 2 млн сомго;
  • швиц тукумундагы 110 баш мал – 22 млн сомго;
  • симментал породасындагы 96 баш мал – 19 млн 867 сомго;
  • абердин ангус породасындагы 479 баш – 55 млн 773 миң 500 сомго, топоз 180 баш – 11 млн сомго алынган.

Связанный пост