Президент Садыр Жапаров III Элдик Курултайда кайрылуу жасады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, элге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана III Элдик Курултайдын делегаттарына өлкөдөгү абал, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары тууралуу кайрылуу жасады.
Үчүнчү Элдик Курултайга 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын делегаттары катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жаштагы Улукбек Эргешевге белек тапшырылды.
Делегаттар эсептөө комиссиясынын 9 мүчөсүн жана Улуттук кеңештин 17 мүчөсүн бекитти. Андан кийин Улуттук кеңештин 17 мүчөсү төраганы жана эки орун басарын шайлашты.
Мамлекет башчынын кайрылуусунун тексти:
“Урматтуу Кыргызстандыктар!
Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!
Кезектеги III Элдик Курултайдын ардактуу делегаттары жана катышуучулары!
Бизди бириктирген башкы күч – бул бакубаттуулукта жана коопсуздукта жашаган, светтик, көз карандысыз, өнүккөн Кыргызстанды куруу.
“Курултай” Бул, эл бийлигинин нарктуу институту катары өлкөнүн тагдыры үчүн эл жана мамлекеттик бийлик бирдей жоопкерчиликтүү экендигибизди түшүнүү менен, келечегибиз кандай болот, дүйнөлөшүүнүн бүгүнкү оор капшабына туруштук бере алабызбы, кантип ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө түз салым кошобуз, бийлик менен элдин бузулгус туруктуу биримдигин кантип орнотобуз деген суроолорду талкуулай турган аянтчага айланышы керек.
Урматтуу делегаттар, ар бириңиздер өз шайлоочуларыңыздардын тапшырган аманаттары менен келип олтурасыздар. Курултайдын жүрүшүндө сиздер аркылуу элибиздин үнү, тилеги, үмүтү жана жаркын келечекке болгон умтулуусу талкууланмакчы.
Эки күн бою Курултайдын трибунасынан сиздер менен бирге
түрдүү көз караштар менен пикирлерге күбө болобуз. Анткени баарыбызды Кыргызстаныбыздын келечеги тынчсыздандырат.
Курултайдын жүрүшүндө айтылган ар бир көйгөйлүү ой-пикирлер, жаңы демилгелер сөзсүз түрдө өлкөнүн бүгүнкү жана келечектеги турмушуна өз таасирин тийгизиши керек.
Бийликтин эл менен ачык диалогу – учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө гана эмес, келечекти бирге курууга карата умтулган ар бирибиздин жарандык аң-сезимибиздин далили.
Бүгүнкү жана келечектеги улуу жетишкендиктер, ийгиликтер, жеңил эле келе калбастыгын, аны туруктуу аракеттерибиз, тандообуз жана коомго кошкон салымыбыз менен бирге курарыбызды түшүнүү өтө маанилүү!
Бүгүн биз, өзүбүзгө төмөндөгүдөй олуттуу суроолорду беришибиз керек;
-Мамлекетибизиди кантип күчтөйбүз?
-Алдыга койгон максаттарыбызга жана дымактарыбызга,
өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлиндеги бакубат жашоого кантип жетебиз?
-Бузулгус биримдик-ынтымагыбызды кантип чыңдайбыз?
-Алдыга койгон максаттарды кантип ишке ашырабыз?
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен сиздерге учурдагы абалды баалоо гана эмес, алдыбыздагы баса турган жолду аныктап, жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүүнүн эң орчундуу багыттарын белгилеген Кайрылуу менен чыгуудамын.
Башынан эле ачык айта кетейин.
Биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз. Бүгүнкү кайрылуум ушул багыттагы программалык сөз болмокчу.
Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жолунда ишенимдүү баратат.
Муну ырааттуу реформалардын жана натыйжалуу башкаруунун жыйынтыктары көрсөтүүдө.
Биз коом менен ачык сүйлөшүүлөрдүн, өз ара ишенимдердин, түшүнүшүүлөрдүн жана колдоолордун негизинде иштеп жатабыз.
Мамлекетибиздин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда. Алсак, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, биз быйыл 1,5 триллион сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк дегенди билдирет.
Албетте, бул чек эмес.
2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйөт дегенди билдирет.
Жылдан-жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө.
Бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз.
Мен экономикалык өсүштөр тууралуу фактыларга кеңири токтолбой эле коеюн. Анткени өлкөнүн экономикалык, социалдык өнүгүү багыты боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Алешович сиздерге кенен маалымат берет.
Урматтуу мекендештер!
Коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу мамлекеттин туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге жетүүдө. Коррупция – бул, мамлекеттин ички өзөгүн бузган, жарандарыбыздын бийликке болгон ишенимин ажыраткан жана экономикалык өсүштү алсыраткан оору жана өнүгүүнүн душманы. Биз ишибизди баштаганда эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялаганбыз. Ал күрөш улам барган сайын күчөп, улантыла бермекчи.
Кадырман эл-журт, урматуу делегаттар, бирок сиздердин колдооңуздарсыз коррупцияны жеңүү эч мүмкүн эмес.
Коррупцияны жок кылыш ар бир Кыргызстандыктын милдети. Ошондуктан милдеттүү түрдө колдоп турушуңуздар керек.
Дүйнөлүк банк жүргүзгөн калктын социалдык-экономикалык мониторингинин жыйынтыктары коррупция менен күрөшүүгө ишенген жарандарыбыздын колдоосу күн санап көбөйүп жаткандыгын тастыктады.
2021-жылы шаар тургундарынын арасында колдогондордун саны 60 пайызды түзсө, 2024-жылы 83 пайызды, ал эми айылдыктар арасында 83 пайыздан 89 пайызга чейин өскөнүн көрсөткөн. Бул Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сурамжылоосу жана анализи. Демек, биз коррупция менен күрөшүүдө туура багытта баратабыз.
Өлкөнүн өнүгүү багытында бара жатканын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр да тастыктоодо.
Мисалга алсак, Тынчтыктын глобалдык индексине ылайык, 2023-жылы Кыргызстан 101-орунда эле, ал эми 2024-жылы 77-орунга көтөрүлдү. Бул жерде көрүнүп тургандай, бир эле жылдын ичинде биз өзүбүбүздүн абалыбызды 24 позицияга ишенимдүү жакшыртканбыз. Башкача айтканда, өлкөбүздүн коопсуздугу 24 позицияга артып, улуттук коопсуздугубуздун бекемделгенин күбөлөндүрүп турат.
Биз Кыргызстан коопсуздуктун, туруктуулуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү орногон мамлекет болушуна умтулуудабыз.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Көптөгөн жылдар бою ар бир жараныбызды түйшөлткөн, аярлуу жана курч маселелерибиздин бири – өлкөбүздүн чек ара маселеси эле.
Биз бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алабыз.
Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды.
Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана
бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди.
Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ.
Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташтууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызды гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Баарынан да чек арага жакын орун алган мекендештерибиздин коопсуздугу жана ошондой эле келечеги камсыз болду.
Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуунун аянтчасы болуп калды.
Урматтуу замандаштар!
Мамлекеттик реформанын жүрүшүндө кайра карай турган маселелердин бири өлкөнүн ресурстарын мыйзамсыз менчиктештирүүсүнө көңүл буруубуз болду.
Эгемендик жылдарында жеке гана кызыкчылыктарын көздөп, жалпы элге таандык болгон мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алышкандар менен күрөшүү оңой болгон жок.
Завод-фабрикалар, ишканалар, жер тилкелери, имараттар жана стратегиялык объектилер кызмат ордун жана байланыштарын пайдалангандардын олжолоруна айланып, мамлекетке эбегейсиз чыгымдарды алып келишкен.
Натыйжада, өлкөбүз өзүнүн активдерин гана эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн, жумуш орундарын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, ошондой эле элдин башка муктаждыктарына жумшала турган миллиарддаган долларлык кирешелерин жоготкон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаңы тарых барактары ачылууда.
Буга чейин уурдалган мүлктөрдү, мамлекетке кайтарып, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдөбүз. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ИИМ жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан тынымсыз жана түйшүктүү иштер өзүнүн жыйынтыктарын берип, өлкө казынасына миллиарддаган сомдук активдер жана объектилер кайтарылууда.
Мамлекеттин күч органдарынын мындай аракеттери баарына эле жага берген жок, албетте. “Менчиктин укугу бузулууда, ишкерликке тоскоолдуктарды жаратууда” деген сыяктуу шылтоолорду коомчулукка жайылтуу аракетин көргөндөр да болууда.
Алар мыйзамсыз ээлеген байлык-мүлктөрүнөн ажырагандар экенин жакшы билесиздер жана унутпагыла!
Бул жерде мен, мамлекет мыйзамдуу түрдө алынган мүлккө эч качан кол салбастыгын так белгилегим келет. Бирок кыянаттык кылып бекер, уурдоо, алдоо жолдору аркылуу байыгандар жазаланбай жүргөн жыргал жашоолорунун убактысы бүткөнүн, элдин байлыгы элге кайтарылып жатканын түшүнүүлөрү керек.
Биз уурдалгандарды жөн эле кайтарып жатканыбыз жок, биз элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтарып жатабыз.
Бул кадамдар акыйкаттуулук жана ар бир жарандын, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн принципиалдуу күрөш болуп саналат.
Өлкөнүн мүлкү айрым ач көз адамдардын эмес, жалпы мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына иштеши керек!
Мыйзам үстөмдүгү жөн эле жарыяланып кала берген кагаз эмес.
Биздин максатыбыз – мыйзамдар үзгүлтүксүз жана ар бир тамгасы кыйшаюсуз аткарыла турган өлкөнү куруу!
Кыргызстан ишкерликти таза жана так жүргүзгөн, аны өнүктүргөн, мамлекеттин мүлктөрү элге гана кызмат кыла турган мамлекетке айланышы керек.
Биз бул ишти улантабыз, анткени адилеттүүлүк жеке кызыкчылыктардан жогору тураарын, ал эми өлкөнүн тагдыры бардык жеке жетишкендиктерден да маанилүү экенин жакшы билишиңиздер керек.
Кыргызстан – жөнөкөй жарандан баштап эң жогорку кызмат адамдарына чейин мыйзамдарды сыйлаган жана аны кыйшаюусуз аткарган алдынкы укуктук өлкөгө айланат!
Урматтуу мекендештер!
Биздин бардык аракеттерибиз кыргызстандыктардын өз өлкөсүндө татыктуу өмүр сүрүүсүнө, ишкерликти өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө, ар бир жаран туулган жеринен кетпей, жакындарынын жанында болуусуна шарт түзүүгө багытталат.
Биз үчүн ишкерликтин бардык түрүн колдоо – артыкчылыктуу маселелердин бири.
Анын ичинде чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселеси өзгөчө мааниге ээ болууда. Анткени дал мына ушул чөйрө мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандарыбыздын жашоо шарттарын жакшыртууга жол ачат.
Бүгүнкү күндө чакан жана орто ишкердик ички дүң продукциясынын 40,5 пайызын түзөт. Жарандарга иш берүү жана өнүгүп-өсүүнү камсыздоо аркылуу орто мөөнөттүү келечекте бул көрсөткүч 50 пайыздан ашууга тийиш.
Бул жерде мыйзамды сактаган ишкерлердин ишине күч түзүмдөрү тарабынан кийлигишүү болбош керек. Жеке менчикти коргоо, колдоо жана алардын бизнестерине адилеттүү мамиле кылуу биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири болуп эсептелет.
Эгер күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери сиздердин иштериңиздерге мыйзамсыз кысым көрсөтүүгө же кийлигишүүгө аракет кылышса, сиздердин мага жолдогон арыз, кайрылууңуздар эч убакта жоопсуз калбайт. Мен буга кепилдик берем.
Ушул кайрылуумда айрым тармактарга тиешелүү тапшырмаларды бере кетүүнү да туура көрүп турам.
Экономика жана коммерция министрлиги чукул арада ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгү менен чакан жана орто ишкерликти колдоо боюнча атайын чараларды иштеп чыккыла.
Өлкөнүн бардык банк секторунун өкүлдөрүнө да кайрыла кетейин.
Банктардын ишкерлерге насыя берүү учурундагы “сүткорлук” ыкмасы – бул насыялардын күрөөсүнө гана көңүл бурулуп жаткандыгын өзгөртүш керек. Банктар инвестор катары иш алып барып, материалдык күрөөнү гана эмес, келечектүү бизнес-моделдерди баалашы керек. Ошол эле учурда ишкерлерди узак мөөнөттүү насыялар менен гана эмес, алардын учурдагы ишмердүүлүгү менен өнүгүшүн колдоо үчүн зарыл болгон каражат менен да камсыз кылуулары кажет.
Ошондой эле, банк секторундагы чыгымдарды кыскартуу үчүн
банк кызматтарын санариптештирүүнү ыкчамдатышыңар керек.
Бул багытта Улуттук банк, Экономика жана коммерция министрлиги тез арада ишкерлердин керектөөлөрүнө багытталган финансы системасын модернизациялоо маселесин иштеп чыккыла.
Элдик Курултайдын урматтуу катышуучулары!
Биз коррупция же кылмыштуулук сыяктуу оор маселелер жөнүндө гана эмес, ошондой эле терең өзгөрүүлөрдү талап кылган күнүмдүк жашообуздагы жүрүм-турумдарыбыз жөнүндө да ойлонушубуз кажет.
Бир эле мисал – биздин айлана-чөйрөгө жасаган мамилебизге токтоло кетейин. Баарыбыз ишембиликтерди уюштуруп, башкаларга да үлгү болсун деп таштанды тазалоо иш-чараларына чыгып келебиз. Бирок аз убакыт өтпөй эле тоого эс алууга чыкканда артыбызга, жол бойлоруна тоодой таштандыларды калтырып кетип жатабыз.
Мындай маданиятсыздыктын көйгөйүнүн түпкү тамыры ар бирибиздин аң-сезимибиздин, акыл-парасатыбыздын төмөндөп, кайдыгерлигибиз күчөп бара жатканына такалат.
Айлана-чөйрөнү булгоо – бул өзүн дагы, башкаларды дагы,
өз Мекенин жана анын табиятын сыйлабастык деп эсептейм. Өлкөнүн тазалыгы тазалап-жыйноо иштеринен эмес, аң-сезимибизден башталышы керек.
Жүрөгүбүздө Мекенди, элди, өзүбүздү сыйлоо сезими бекем орношу зарыл.
Урматтуу мекендештер!
Учурда өлкөнүн жашоо-турмушунун бардык тармактары иретке келтирилип, көптөгөн жылдар бою топтолуп, чечилбей келаткан көйгөйлөр четинен жоюулууда. Узак мөөнөттүү өнүгүүнү чечкиндүү реформаларсыз ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Мындай ишенимдүү кадамдарыбыздын бири – масштабдуу административдик-аймактык реформа болду. Аны ишке ашыруунун натыйжасында өз алдынча башкаруу органдарынын саны 452ден 231ге чейин кыскарды.
Бул – жөн гана түзүмдөрдү кыскартуу эмес, түз башкарууда тартипти, көзөмөлдү орнотууга багытталган, так эсептелген стратегиялык чечим.
Муниципалдык түзүмдөрдүн санынын кыскартылышы менен калктын маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү менен тартипти жана көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк болду.
Азыркы күндө иштегендердин негизги бөлүгү 60,9 пайызды түзүп, алар айыл жерлеринде жашайт. Ал эми шаарларда 39,1 пайыз гана орун алган.
Биз жүргүзүп жаткан саясаттын негизги траекториясы 33 шаарды өнүктүрүү аркылуу калктын басымдуу бөлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жасалууда.
Бул шаарлардын өсүшүнүн башатына айланып, экономикалык жана социалдык магнит сыяктуу айыл калкын өзүнө тартып, аларга дем берет. Ошондуктан биз жарандарыбыздын өз бизнесин ачып, ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүп гана тим болбостон, өз жеринде турак-жай алууну шарттаган инфратүзүмдөрдү өнүктүрүп, финансылык механизмдерди өркүндөтөбүз жана толук кандуу экосистеманы түзөбүз.
Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу да биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп саналат. Турак-жай маселесин чечип эле койбостон, жарандарыбыздын жашоосу үчүн да туруктуу негиз түзүүдөбүз. Муну менен жакынкы жылдары өлкө боюнча 40 000ден ашуун жаңы батирлерди куруп бүтүрөбүз.
Миңдеген үй-бүлөлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаңы жашоого реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга аракеттенүүдөбүз.
Биз турак-жайды мындан да жеткиликтүү кылуу, аймактардын экономикасын чыңдоо жана үй-бүлөлөрдүн узак мөөнөттүү бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн ипотекалык турак-жай курулушун каржылоону мындан ары да уланта беребиз.
Урматтуу мекендештер!
Коомдо туруктуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган максаттуу жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик саясат жүрүп жатат. Жарандарыбыздын татыктуу жашоосу камсыздалмайынча, күчтүү мамлекетти элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги – калктын аярлуу катмарын колдоо болуп эсептелет.
Бул жерде сиздердин көңүлүңүздөрдү бир нече негизги кадамдарга бура кетейин.
Биринчиден, “Социалдык келишим” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн акысыз каражат берүү жагы каралган.
Үч жыл ичинде (2022-2024-жылдары) 35 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон каражат алып, жалпысынан 3,3 млрд сом бөлүнгөн.
Буюрса, 2025-жылы кошумча дагы 20 миң үй-бүлөгө каражат бөлүнүп, алардын жеке ишкердик баштоосуна жана финансылык көз карандысыздык жолуна түшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.
Экинчиден, 2024-жылдын сентябрынан тартып “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары үчүн колдоонун жаңы механизми – үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки суммада пайызсыз насыя берүү киргизилди. Бул баштапкы капитал алууга гана эмес, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүү менен башталган бизнесин өнүктүрүүгө да толук мүмкүндүк берет.
Үчүнчүдөн, жетим балдарга да өзгөчө көңүл буруудабыз. 2024-жылдын июль айынан баштап “Келечекке салым” аттуу Жетим балдардын топтолмо эсеби ишке киргизилди. Муну менен биз 2 930 жетим баланын ар биринин жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түздүк. 18 жашка толгондон кийин, алар бул каражаты билим алуугабы, ден-соолугун чыңдоогобу же жашоо шарттарын жакшыртууга колдоно алышат.
Ошентип, биз социалдык жактан аярлуу категорияларга бир жолку гана колдоо көрсөтпөстөн, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө, экономикалык көз карандысыздыгына жана татыктуу жашоосуна тиешелүү шарттарды түзүп жатабыз.
Урматтуу мекендештер!
Мугалимдер менен дарыгерлер – коомубуздун тирөөчү, өмүрдүн жана илим-билимдин сакчылары. Алар – биздин билимдүү болушубузга, ден соолугубузга кам көрө турган жана келечегибиздин пайдубалын түптөй турган адамдар. Алардын эмгегисиз маданияттуу, билимдүү коомду, дени сак улутту элестетүү мүмкүн эмес.
Бирок мугалимдер менен дарыгерлерди урматтап, сыйлоонун ордуна, кемсинтип, кээде аларга кол көтөргөн жол берилгис көрүнүштөр коомубузда учурай калууда. Мындай көрүнүштөр мыйзамды гана бузбастан, адепсиздиктин жеткен чегин көрсөтөт. Мен мындай көрүнүштөрдү кылымдардан бери келаткан аксакалдарды, элдин кызматындагыларды урматтоого, адептүүлүктү жана маданияттуулукту үйрөткөн наркыбызга жана салттуу динибизге болгон сокку деп эсептейм.
Мындай жосунсуз жоруктарга жол бербешибиз керек!
Мекенге кызмат кылгандарды сыйлагыла, коргогула, урматтагыла деп ар бир кыргыз жаранына кайрылып кетер элем! Эгерде кимдир бирөө аларга карата зөөкүрдүк кылып, кемсинтүүчү мамиле жасаса, анда ал бүтүндөй коомго, адеп-абийирге жана мыйзамга каршы иш кылган болот.
Эгер биз келечекте туруктуу өнүгүү багытына түшкөн байгер мамлекет кургубуз келсе, улутубуздун саны артып, өзүнүн нарк-насилин сактап өссүн десек, анда мугалимдерге жана дарыгерлерге болгон буга чейинки мамилени толугу менен өзгөртүшүбүз керек.
Мындан ары мамлекет мугалимдер менен дарыгерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алат!
Урматтуу замандаштар!
Мен аял затына жана балдарга карата зордук-зомбулукту терс кабыл алуу менен карайм. Буга эч качан жол берилбеши керек.
Мындай акылга сыйгыс аракеттер, биринчи кезекте, биздин коомубуздун уюткусун түзгөн үй-бүлөнү бузат, жарандардын адилеттүүлүккө болгон ишеничтерин чектейт. Бул жеке бирөөнүн эле трагедиясына айланбастан, адеп-ахлактык баалуулуктарды жокко чыгаруунун олуттуу чакырыгы болуп калат. Алсыздарга күч колдонуу – эч качан, эч нерсе менен актоого болбой турган абийирсиздик.
Коомубузда ар бир аялзат, ар бир бала өзүн коопсуз сезиши үчүн болгон күч-аракетти жумшоо – биздин негизги милдетибиз. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, бири-бирине кам көрө билген, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз.
Укук коргоо органдарынын бирден-бир ыйык милдети – “алсыздарды коргоо” экендигин бир канча ирет эскертип келем. Ал эми күч түзүмдөрүнүн кимиси ушундай фактыларга шалаакылык кылып, көңүл коштукка жол беришсе, анда ал атуулдук ар-намысынан эле ажырабастан, кызмат ордунан да кол жууйт.
Биз ар бир аялзаты жана ар бир баланы мамлекет тарабынан коргоону, колдоону, камкордук менен сый-урматты сезген бейпил коомду курушубуз керек.
Бул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда айтылган маселелерди терең изилдеп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгып сунуштагыла.
Ошону менен катар жубайлардын көп балалуу болуу жагдайына да көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик коопсуздук жана туруктуулукту чыңдоо маселеси калктын санына түздөн-түз байланыштуу.
Эгерде калктын саны өспөсө, анда келечекте мамлекеттин экономикалык активдүүлүгү төмөндөйт, социалдык системалар оорлошот жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу олуттуу кыйынчылыктар келип чыгат.
Бириккен Улуттар Уюмунун талдоосуна ылайык, 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү жалпы калктын 4 пайыздан азын түзсө, анда өлкө жаш деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 4 пайыздан 7 пайызга чейин болсо, өлкөдө калктын улгайып бараткандыгынын белгиси. Улгайган адамдардын көрсөткүчү 7 пайыздан ашса, калктын улгайып калгандыгы катары сыпатталат.
2024-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү 5,7 пайызга (408 миңге жакын) жеткен.
Тилекке каршы, бул Кыргызстандын калкы улгайып бара жаткандыгынан кабар берет.
Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга карата божомолу боюнча улгайган калктын көрсөткүчү болжол менен 7 пайызды түзөт. Бул биздин өлкөдөгү калктын улгаюу тенденциясына өткөндүгүнүн белгиси.
Мына ошондуктан, мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасоодобуз.
2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү беруу пландаштырылууда.
Алсак:
– төртүнчү балага –100 миң сом;
– бешинчи балага – 600 миң сом;
– жетинчи балага – 1 миллион сом;
– сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;
– тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом;
– онунчу жана андан көп балага –2 миллион сом берилет.
Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мындан туура бир жыл мурунку Курултайда мен өлкөнүн негизги милдеттеринин бири катары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну артыкчылык катары белгилеген элем.
Учурда бул багытта олуттуу жылыштар байкалууда.
Кыргыз Республикасы калкты негизги ресурстар менен камсыздоого өзүнүн ишенимин бекемдеп барат.
Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн негизги 9 түрүнүн 6 түрү боюнча:
жашылча, картошка, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, шекер жана жумуртка сыяктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылдык.
Биз жогоруда белгилегенибиздей, калкыбыздын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт. Демек, көпчүлүк жарандарыбыз айыл чарбачылыгы менен алектенет. Ачыгын айталы, мамлекет тарабынан башка тармактар сыяктуу эле айыл чарбасына көп жылдар бою жеткиликтүү көңүл бурулбай калган.
Экономикалык жактан жетишкен мамлекеттердин биринде да 20-25 кг. эт берген койлорду, 150-200 кг. эт берген, күнүгө 5-10 литр сүт берген уйларды кармап, багышпайт деле.
Минтип мал багууга жумшаган эмгектерин актабай турган, кирешесиз ишке барышпайт. Бизде болсо ушундай койлор менен уйларды малым деп кармап жүрө бергендер арбын.
Кыргызда “Жайытты малдын тили эмес, туягы жейт” деген сөз бар. Мындай өзүн-өзү актабаган малды кармоодо кайтарым болбогондон сырткары, жайыттарыбыз талкаланып, экологияга зыян келтирүүдөбүз.
Мал чарбасындагы мындай абалды өзгөртүүгө Айыл чарба министрлиги чукул киришүүсү керек. Айрым бир көз караштары жетик фермерлерибиз асыл тукум уйларды, асыл тукум койлорду багып өстүрүшүүдө.
Бирок ал республика боюнча массалык түрдө жайылтыла элек.
Бүгүн өнүккөн өлкөлөрдө орточо 1000-1500 кг эт берген, күнүгө 20 литрден кем эмес сүт берген уйларды, 100-150 кг чейин эт берген койлорду багуу катардагы эле көрүнүш болуп калган.
Бизде малдын башын массалык түрдө асылдандырууга жеткенде, өзүбүзду эле камсыздабай, коңшу мамлекеттерге эт, сүт экспорттоого, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө, элдин жашоо-турмушунун жакшыртууга туруктуу иш жасаган болобуз.
Урматтуу агайын-туугандар, сиздин көңүлүңүздөрдү ар бир кыргызстандыктын жашоосунун, эмгегинин жана бакубаттуулугунун негизин түзгөн, өмүр булагы – сууга бургум келет.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Жер шарындагы экологиялык абалдын бузулушу менен жыл сайын дүйнөдө суу тартыштыгы күчөп келе жатат. Демек, сууну үнөмдүү пайдаланууга чукул бурулуш жасоого тийишпиз.
Ал үчүн тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу ыкмаларын иштетүүгө өтүшүбүз керек. Бул багытта 20 000 гектар жерге заманбап тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары киргизилет. Бул боюнча иштер жүрүп жатат
Биз – суу башында турган тоолуу өлкөбүз! Биздин кокту-колоттордон агып чыккан агын суулар, дарыялар өзүбүздү эле эмес, коңшу мамлекеттерди да камсыздайт.
Ошол эле маалда ар бир үнөмдөлгөн тамчы суу кошуна мамлекеттерге жардам болорун эстен чыгарбайлы.
Сууну үнөмдүү пайдалануу жоопкерчилиги өзүбүздүн ички керектөө үчүн эле эмес, коңшу мамлекетте жашаган бир тууган элдер үчүн да керектигин ар бирибиз аңдап-түшүнүшүбүз зарыл.
Сугат суусу менен кошо калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу – биздин тынымсыз көңүл буруубузду жана чечкиндүү аракеттерибизди талап кылууда.
Бул көйгөйдүн канчалык курч экендигин биз жакшы түшүнүшүбүз керек. Акыркы жылдары биз 400 000ден ашуун адамды ичүүчү таза суу менен камсыз кыла алдык.
Ушуну менен токтоп калбай 2025-жылы жок дегенде кошумча 150 000 адамды ичүүчү таза суу менен камсыздоону пландап жатабыз.
Өлкөбүздөгү ар бир үй-бүлө таза сууга жетмейинче, биздин баштаган бул аракеттерибиз токтобойт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ар дайым көп векторлуу, тынчтыкка жана ачыктыкка, кызматташтыкка умтулуп келет.
Бул биздин ички дипломатиянын фундаменталдык элементтери болуп саналат. Биз жакынкы кошуналарыбыз менен жакшы ымалада болууга жана алар менен дипломатиялык туруктуу алака түзүү менен өнүгүп-өсүүгө жетебиз.
Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасы дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен тең укуктуу жана өз ара максаттуу принциптеринин негизинде кызматташууга даяр.
Дегеле ар бир эл, ар бир мамлекет жалпы бакубатчылыкка салым кошкондо гана адамзаттын жашоосу бейпил болот.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кыхматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Биримдик жана башка көптөгөн эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин жигердүү катышуучусу.
Биз туруктуу өнүгүүгө, тынчтыкты чыңдоого, илим-билимди, маданиятты жана сооданы өнүктүрүүгө багытталган ар кандай демилгелерди колдойбуз.
Кыргызстан диалогго, өнөктөштүккө жана өз ара натыйжалуу кызматташууга ар дайым даяр.
Биз атаандаштыкка эмес, ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген дүйнөлүк гармониялуу тартипке умтулуудабыз.
Бүгүнкү курултайдын урматтуу катышуучулары!
Кыргызстан өз күчү, талыбаган аракети, ресурстары менен мүмкүнчүлүгү аркылуу сапаттуу өнүгүүгө кадам таштады!
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген.
Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар.
27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин ачылышы – өлкөбүздүн транзиттик потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам.
Бул стратегиялык маанидеги объект жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн агымын тездетип, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, негизги өнөктөштөр менен соода байланыштарды бекемдейт.
“Бедел” биздин дүйнөлүк экономикага интеграцияны жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө прагматикалык мамилени жана Кыргызстанды эл аралык транспорттук хабга айландыруу боюнча кезектеги кадамдарыбызды көрсөтөт.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи – муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн долбоор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Өлкөбүз энергетикалык жактан көз каранды болбой, энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтөт.
Жүздөгөн жылдар бою биздин ырыскыбызга айланган суу ресурсу келечекте өлкөбүздү алдыга жылдырган, экономиканы өнүктүргөн, энергия менен камсыз кылган жана электр кубатын экспорттоочу күч болот.
Элдик Курултайдын урматтуу делегаттары!
1-2-курултайларда сиздер аркылуу берилген элдин негизги тапшырмалары мектеп салуу, жол, көпүрө куруу сыяктуу күнүмдүк жашоо тиричиликтин суроо талаптары болгон эле.
Бул мыйзам ченемдүү суроо-талаптар болчу. Анткени чынында эле көптөгөн айылдарыбызда мектептер жок, атүгүл контейнерлерди мектеп кылып окуп калган учурлар да болгон. Жолдор боюнча сөз кылбай деле коелу. Бүгүн абал өзгөрдү. Мектептер, бала бакчалар, ооруканалар курулуп, жолдор салынууда. Алдыбыздагы жакынкы жылдардын ичинде алыскы айылдарга чейин жолдор оңдолуп, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилер курулуп, суроо-талаптар толук бүтөт.
Бул – мамлекеттик бийликтин аткара турган негизги милдети. Ага бир эле мисал: Зардалы айылын да электр жарыгы менен камсыз кылып, алыскы айылга жол салуудабыз.
Урматтуу мекендештер!
Албетте, кыйынчылыксыз, тоскоолдуксуз иш болбойт. Аларды тайманбастык жана чечкиндүүлүк менен жеңүү аркылуу гана алдыга койгон максаттарга жетебиз.
Бүгүн биз сиздер менен бирге, келечек муундарыбыз мамлекети, Мекени менен сыймыктанган, байгер жана бардар Кучтуу Кыргызстанды куруу жолундабыз. Мындай сыймыктуу жана чоң жоопкерчиликтүү иште эң башкысы – биздин урагыс ынтымагыбыз, бир максатты көздөгөн биримдигибиз, келечекке болгон күчтүү ишенимибиз керек!
Урматтуу делегаттар!
Кыргызстанды улуу өлкөгө айланталы!
Эми сөздү көп узартып олтурбайын. Менин сөзүмдө белгиленбей калган тармактар көп. Баарын айтып олтурсак эки кун убакыт жетпейт.
Ошондуктан алдыда сиздер менен бирге айтылбай калган тармактарды да талкуулайбыз. Адааттагыдай эле мен ар бир көтөргөн маселеңиздерди жазып алам, анан Курултайдын аягында баарына жооп бергенге аракет кылам.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”.