Министрлер Кабинети 2025-жылга статистикалык программаны бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылга статистикалык программаны бекитти.
2025-жылга статистикалык программа “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекетти жана коомду расмий статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Программада төмөнкүлөр камтылган: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлүүчү расмий статистикалык маалыматтын тизмеси; статистикалык иштин бекитилген формулярларынын негизинде Улутстатком тарабынан жүргүзүлүүчү статистикалык текшерүүлөр; статистикалык максаттарда колдонулуучу мамлекеттик органдардын административдик маалыматтарынын тизмеси; расмий статистика жаатындагы негизги иштеп чыгуулар; Улутстатком жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси; Улутстаткомдун уюштуруучулук иши жөнүндө маалымат.
2025-жылы Улутстатком мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун өткөрөт.