МинКаб Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитти

 МинКаб Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун кабыл алды.

Токтом “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган.

Жыйымдардын ставкасы төмөнкү формула боюнча эсептелет: 1 литр × 1 сом = жыйымдар.

Токтом менен Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобо бекитилип, жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат. Жыйымдар импорттолгон жана/же өндүрүлгөн бензиндин жана дизелдик отундун көлөмүнүн негизинде алынат.

Токтомго ылайык, автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого алынган жыйымдардан түшкөн каражаттар автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат деп белгиленген.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпысынан жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жыйымдарды администрациялоо каралган.

Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Связанный пост