1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү

Президенттик Администрацияда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө датага карата өткөрүлө турган салтанаттуу жана майрамдык иш-чараларды, илимий-билим берүү конференцияларын жана тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы каралды.

«Кыргызстан фашизмге каршы күрөшкө жана Улуу Жеңишке жетишүүгө чоң салым кошту. Аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын, фронттогу жоокерлердин бийик патриоттук духу, тыл эмгекчилеринин бекем эрки биригип, чоң күчкө айланды. Эрдиги жана баатырдыгы кылымдан кылымга, муундан-муунга өткөн үлгү болуп кала бере турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биз ошол каардуу согуштун ветерандарынын жана тыл эмгекчилеринин эрдиктерин эстен чыгарбашыбыз керек». – деп белгиледи Эдил Байсалов.

Жыйындын жыйынтыгында иш-чаралардын планы бекитилип, жооптуу аткаруучулар аныкталып, юбилейлик иш-чараларды даярдоодо ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана коомчулуктун катышуусун камсыздоо боюнча чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост