Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Жаңы курула турган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулууда.

Долбоор боюнча, мектептин имараты 3 кабаттуу болуп, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары, химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар, китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат.

Ошондой эле балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, валейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган.

Объекттин жалпы аянты 6 495 чарчы метрди түзөт.

Связанный пост