Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин төрагасы катары Министрлер Кабинетинин биринчи отурумун өткөрдү
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси катары Министрлер Кабинетинин биринчи жыйынын өткөрдү.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө командалык иштин маанилүүлүгүн белгилеп, МинКаб ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын белгиледи жана экономикалык көрсөткүчтөргө, жарандардын жашоосунун сапатын жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашырууга басым жасоо керектигин белгиледи. Ал өзгөчө инвестиция тартуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой элеМинКаб башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңешке ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Ал ошондой эле МинКаб жаңы курамын жыйынга келгендерге тааныштырып, алардын ар биринде жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл билим жана тажрыйба бар экенин айтты. Ал алардын кесипкөйлүгүнө ишенээрин жана биргелешип натыйжалуу иштөөгө даяр экендигин билдирди.
Министрлер Кабинетинин башчысы жаңы курамдын иши так аныкталган максаттарга жана өлчөөгө боло турган натыйжаларга негизделип, натыйжалуулук, айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерине негизделе турганын баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети мындан ары да бардык пландаштырылган иштерди жүзөгө ашыра турганын, ошондой эле экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен активдүү алектенээрин билдирди.