Бүгүнкү күндө 11,3 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди
«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча бүгүнкү күндө 11344 дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КР суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Тактап айтканда:
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 475540,0 миң сомго 1430 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК, 233960,0 миң сомго 715 насыя;
– “Элдик Банк”, ААК, 241580,0 миң сомго 715 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4054030,0 миң сомго 9914 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК, 1969240,0 миң сомго 4873 насыя;
– “Элдик Банк”, ААК, 2084790,0 миң сомго 5041 насыя.
Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 4529570,0 миң сомго 11344 насыя берилди.
– “Айыл Банк” ААК, 2203200,0 миң сомго 5588 насыя;
– “Элдик Банк”, ААК, 2326370,0 миң сомго 5756 насыя.