Кыргызстанга кымбат баалуу сааттарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Кыргызстанга кыбат баалуу сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз аракеттер “Түндүк” темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Белгиленгендей, “Ш.К.Д.” ЖЧКнын өкүлү П.Д.Е. аттуу жарандын катышуусунда Америкадан келген почта жөнөтмөлөрүнө текшерүү жүргүзүлгөн.

Бажы текшерүүсүндө 41 даана дүйнөлүк бренддеги аялдардын сааттары табылган. Бажы органына берилген документтерде товарлардын наркын төмөндөтүү фактысы аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 170 241 сомду түздү.

Чогулган материал каттоого алынып, Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Связанный пост