Бажы тармагында мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды
Бажы тармагында мамлекетке 170 млн сом зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик бажы кызматына текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
Алсак, Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба техникасын өткөрүүдө товарларды туура эмес декларациялоо схемасы колдонулган. Бул схема 2023-2024-жылдар аралыгында ишке ашырылып, бир нече ири жеткирүүлөрдү камтыган.
Айрым бажы кызматкерлери жеткирүүчү компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өз кызмат абалдарын жеке пайда алуу жана тышкы соода катышуучуларына мыйзамсыз артыкчылыктарды түзүү үчүн пайдаланышкан. Экономикалык санкцияларды жана бажы процедураларын айланып өтүү максатында татаал логистикалык схемаларды колдонушуп, товарлардын чыныгы багытын жашыруу үчүн туура эмес коддорду көрсөткөн.
Мындай аракеттердин натыйжасында мамлекетке 170 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 241-беренеси (“Бажы төлөмдөрүн жана башка бажы алымдарын төлөөдөн качуу”) боюнча кылмыш иши козголду.