Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 9-декабрдан 15-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 17 миң 108 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 561;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 221;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 52;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 137;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 906;
авто ээнбаштык – 24;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 924;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 281;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 229 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.