“Жол фонду жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

 “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамдын максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар каралат. Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат.

 

Бул жыйымдар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жол фондуна түшөт жана автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат.

 

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

*********

 

Внесены изменения в Закон Кыргызской Республики «О Дорожном фонде»

 

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, в Закон Кыргызской Республики «О Дорожном фонде»)».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 20 ноября 2024 года.

 

Целью данного Закона является увеличение доходной части республиканского бюджета, для последующей реализации задач по улучшению состояния автомобильных дорог общего пользования и дорожной инфраструктуры в целом.

 

Законом вносятся изменения в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, согласно которым предусматриваются сборы на ремонт, содержание, строительство и реконструкцию автомобильных дорог.

 

Плательщиками сборов являются субъекты, импортирующие и/или производящие бензин и дизельное топливо.

 

Данные сборы будут поступать непосредственно в Дорожный фонд Кыргызской Республики и расходоваться исключительно на ремонт, содержание, строительство и реконструкцию автомобильных дорог.

 

Закон вступает в силу 1 января 2025 года.

Связанный пост