“№2 мамлекеттик резиденциянын” жылдык кирешеси 80 млн сомдон ашты
“№2 мамлекеттик резиденция” мекемесинин жылдык кирешеси 80 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Белгиленгендей, мамлекеттик резиденция эл аралык аренада өлкөнүн “жүзү” болуп эсептелет. Резиденцияда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн башчыларынын жолугушуулары, сүйлөшүүлөр жана маанилүү келишимдерге кол коюу иш-чаралары өтөт.
Бул жаратылыш сулуулугу менен айкалышкан жер, аймактагы туризмди жандантуу менен бирге, региондогу жаңылануунун жана прогресстин символуна айланууда.
Санаторийдин имараттарын кайрадан куруу – бул жөн гана капиталдык оңдоп-түзөө эмес, меймандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактын туристтик борбор катары имиджин жогорулатууга өбөлгө болууда. Маанилүү кадамдардын бири 9-имараттын реконструкциясы бүткөрүлүп, анда 4 кабат металл конструкциялардан кошулуп, мейманкананын бөлмөлөрү көбөйтүлдү.
Жогорку даражадагы меймандар үчүн ыңгайлуулук түзүү максатында атайын тик учак конуучу аянтча курулган.
Ошондой эле, жаңы спорттук аянтчалар курулуп, 20х40 метр ачык футбол аянтчасы жана ар кандай спорттун түрлөрү үчүн 22х42 метр жабык спорт аянтчасы ачыллы.
«Алтай» ресторанынын ашканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жабдуулар менен жаңыланды.
Мындан тышкары, клиника кеңейтилип, 2 кабаттуу кошумча имарат курулуп, жаңы медициналык жабдуулар орнотулду. Анын ичинде “Шарко” душу жана минералотерапия жабдуулары, медициналык тейлөөнү жакшыртууга көмөктөштү.
Административдик корпус:
• Холл
• 3 конференц-зал
• ВИП зал кошумча курулду
• Эки кабат тамак-аш кампасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү
Меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аймактарды камтыган видеобайкоо орнотулуп, 6000м² брусчатка басылып, автоматташтырылган суугаруу системалары орнотулду.
Жасалма шаркыратмалар, көпүрөлөр, скульптуралар ж.б. көптөгөн архитектуралык формалар орнотулду.
Жарыктандыруу иштери толугу менен алмашылып, эс алуучулар үчүн түнкүсүн да кыдырып чыгууга шарттар түзүлдү.
Причалдын реконструкциясы жана пирстин узартылышы эстетикалык жактан гана эмес, көптөгөн жаңы меймандарды тартууга да жардам берди. Ошондой эле мечит, спорт залы жана ачык бассейн курулуп, эс алуу үчүн келгендердин ден соолукка кам көрүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейди.
«Рух-Ордо» маданий борбору:
«Рух-Ордо» маданий борбору “№2 мамлекеттик резиденция” мекемесинин карамагына өткөн, аталган борбор мекеменин жана региондун маданий жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. Комуз формасындагы уникалдуу пирс архитектуралык элемент катары гана эмес, Кыргызстандын маданий мурасынын символу болуп калды. Маданий борбор туристтерди тартуу жана ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү аянтчага айланды.
Ошондой эле концерттик зал жана чиркөө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, аймактын инфраструктурасы жакшыртылды. Аймакты көрктөндүрүү, жаңы жарык берүү системасы жана сугат системасы орнотулду.
2025-жылга пландар:
2025-жылы дагы бир катар модернизациялоо иштери жүргүзүлөт, анын ичинде 21-имараттын капиталдык оңдоп-түзөөсү жана 150 орундуктук жаңы 5 кабаттуу имараттын курулушу, ошондой эле спорттук комплекстин курулушу жана аймактын көрктөндүрүлүшү пландалууда. “Айкөл” рестораны эс алуучулардын талабына ылайык эки кабаттуу болуп, бардык шарттары менен кайра курулат. 2025-жылы 20-корпустун ордуна үч кабат 110 орундуу имараттын курулуш иштери кызуу улантылат.
Ошондой эле, санариптик реформалардын алкагында, кассалык төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн чечимдер, кирүү көзөмөл системасы (СКУД), видеобайкоо жана коопсуздук системалары орнотулду.
2024-жылдагы жетишкендиктер:
2024-жылы мекеменин киреше планы 104%га аткарылды, бул жүргүзүлгөн иштердин ийгилигин жана келечектеги өнүгүү багыттарын көрсөтөт.
№2 мамлекеттик резиденциянын келечеги:
Бул жаңылануулар башталышы гана болуп саналат. Мекеме өсүп жана өнүгүп жатат, жаңы шарттарды жана объекттерди түзүп, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик картада бекемдөөгө салым кошууда.
Ар бир кадам менен «№2 мамлекеттик резиденция» жаңы, ийгиликтүү жана гүлдөгөн келечекке ишенимдүү багыт алууда жана Кыргызстандагы маданий жана туристтик борбор катары маанилүү роль ойноп келе жатат.