Электр энергиясын колдонуу Кыргызстандын тарыхында рекорддук чекке жетти
Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кыштын келишим менен абанын температурасы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү.
Алсак, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча, 3 612 МВт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 млн кВт саатка чейин жеткен. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.
Буга чейин электр энергиясын колдонуунун акыркы рекорддук көрсөткүчү 2023-жылы 14-декабрда катталган. Анда электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 401 МВт, ал эми суткалык керектөөсү 73,370 млн кВт саатка чейин жеткен. Бирок, ал учурда абанын температурасы -8…-20 градус болсо, 11-12-декабрда аба температурасы -5…-14 градусту гана түздү.
“Учурда электр энергиясын ашыкча колдонгон аймактарда, электр тармагындагы жабдуулар ашыкча жүк келүү менен иштөөдө. Мындай учурда энергетиктер ошол жердеги абоненттердин электр энергиясын башка линияга (фидерге) которгонго чейинки аралыкта, 1-2 сааттык убакытты талап кылат. Бул учурда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Эгерде энергетиктер мындай чара көрбөсө, кымбат баалуу энергетикалык жабдуулар иштен чыгып калышы мүмкүн.
Мисалы, кубаттуулугу 250 МВА болгон 220 кВ бир трансформатордун баасы – 1 518 000 АКШ долларын түзөт. Өндүрүү жана жеткирүү мөөнөтү 150 календардык күн болот. Аны кайрадан жаңылап орнотуу иштерине 1-1,5 айга жакын убакыт кетет. Бул ашыкча түйшүк жана каражатты талап кылат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, электр энергиясынын жана кубаттуулуктарынын жетишсиздиги Борбор Азиянын башка энергетикалык системаларында да байкалууда.
Ошондуктан энергетиктер канчалык калктан электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырганы менен, электр энергиясына болгон кондонуу көп болуп, рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө.
“Электр станциялары” ААКтын гидрогенераторлору максималдуу генерация менен анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү эң акыркы жогорку чекте иштейт. Токтогул ГЭСинде №1 гидроагрегат ГЭС реконструкцияланып, ишке киргизилгенден кийин станция 1260 МВтка чейинки максималдуу кубаттуулукта иштеп, суткалык өндүрүшү 27,528 млн кВт саатка жеткен. Станциянын гидроагрегаттары аркылуу суунун агып чыгуусу 932 м3/с түздү. Төмөнкү “Нарын” ГЭСтери каскадынын бардык станциялары белгиленген максималдуу кубаттуулуктарында узак убакытка иштейт.
Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү күн сайын көбөйүүдө. Учурда станциянын гидроагрегаттары аркылуу суунун чыгымы 932 м3/сек. түзүүдө. Мисалга алсак, 2023-жылы кышкы жылытуу мезгилине – 11,744 млрд куб метр суунун көлөмү менен кирген болсок, быйыл энергетиктердин сууну колдоонууда оптималдуу иш жүргүзгөндүгүнүн жана электр энергиясын сырттан импорттоонун натыйжасында, 2024-жылдын кышкы жылытуу мезгилине карата – 13,257 млрд куб метрге чейин суу топтоого жетишген.
Ал эми былтыркыга салыштырмалуу быйыл 1,5 млрд куб метрдан ашык суу (запасы) болсо, өлкө боюнча электр энергиясын керектөөнүн кескин көбөйүшүнө байланыштуу, бүгүнкү күнгө 1 млрд куб метрден ашык суу иштетилип кетти.
12-декабрга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,234 млрд куб метрди түзүүдө. Белгиленген көлөмдүн азайуусу күнүгө 56-57 млн куб метрден байкалууда. Эгерде электр энергиясын колдонуу ушундай темп менен кете берсе, анда кышкы жылытуу мезгилинин бүтүшүнө чейин суунун көлөмү 6 млрд куб метрге чейин чукул төмөндөшү ыктымал. Бул деген 2025-жылдын 1-апрелине карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 6,5 – 6,2 млрд куб метрди түзүп, суу сактагычтын деңгээлинин критикалык көлөмүнө (мертвый объем) алып келиши мүмкүн.
Бирок, ушул эле учурда өлкөнүн энергетиктеринин жапа-тырмак, профессионалдуу жана ыкчам иш алып барууларынын натыйжасында, жогоруда белгиленген суунун оптималдуу жана керектүү көлөмүн сактап калуу боюнча тийешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуучуларды үнөмдүү колдонууга чакырат.