Төрага Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди.
Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.