Президент радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Президент радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

 

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

 

Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратат. Коомдук пикирди калыптандырууда, актуалдуу маселелерди чагылдырууда, ошондой эле демократиялык баалуулуктар менен принциптерди алдыга жылдырууда салттуу басмасөз, радио уктуруу жана телекөрсөтүү менен катар интернет басылмалары менен социалдык медиа тармагы да негизги ролду ойноодо.

 

Интернет маалымат каражаттарынын эң чоң айдыңына айланып жаткан маалында теле менен радио тармагы заманбап технологиянын жаңы жетишкендиктерин өздөштүрүү менен сапатын жогорулатууга, ыкчамдыгын арттырууга ар тараптан күч жумшап жаткандыгына күбө болуудабыз. Бүгүнкү күндө коомду агартуу жолу менен таасирдүү күчкө айланган теле-радио компанияларыбыздын чоң аудиториялары бар. Мына ошол аудиторияларды кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларды иликтөө менен теле-радиодо жасалган контентти өнүктүрүп, учур талабына тууралап, жаңы форматка ылайыктап чыгарууга өтөт деп ишенем.

 

Маалымат булагы катары теле менен радионун чоң артыкчылыгы – өлкөбүздүн кайсы жеринде болбосун, болуп жаткан окуяларды жаздырып алып, элге жеткирүүдө болуп саналат. Демек, теле-радио кызматкерлери, сиздер коомчулукка өз убагында так маалымат жеткирүү аркылуу өлкөдө туруктуулукту жана адилеттүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойсуздар.

 

Сиздер жөн гана маалымат таратууда эмес, коомду туура жолго багыттоодо, улуттук баалуулуктарды жайылтууда жана акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз. Мына ошондон улам, теле-радио кызматкерлеринин мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баса белгилөөгө болот. Өз кесибин сүйгөн, кесипкөйлүккө умтулган бардык радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлерине өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кылган аракеттерине чоң ыраазычылык билдирем.

 

Элдин ишеними менен мамлекеттин алдындагы жоопкерчилик маселесин бирдей алып бара жаткан теле жана радио кызматкерлерин дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктаймын!

 

Сиздердин эң чоң сыймыгыңыздар – телекөрүүчүлөр менен радио угармандардын алкышына арзуу деп эсептейм. Ошондуктан, сиздерге ар дайым элибиздин сый-урматында болушуңарды каалайм!”.

Связанный пост