Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин да талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Связанный пост