Александр Лукашенко Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 Александр Лукашенко Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

 

“Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасында жарандардын бакубаттуулугун камсыздоого, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана анын аброюн бекемдөөгө багытталган маанилүү өзгөрүүлөр ийгиликтүү жүргүзүлүүдө.

 

Беларуста достук мамиледеги Кыргызстандын жетишкендиктерине чын дилден кубанууда. Биз бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдарда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө чоң маани беребиз.

 

Ар дайым ачыктыгы жана эң актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди табууга даярдыгы менен айырмаланып келген биздин ортобуздагы жакшы жеке мамилелерди абдан баалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост