Жыл башынан бери ишкерлерге 2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берилди

 Жыл башынан бери ишкерлерге 2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берилди

Жыл башынан бери ишкерлерге 2 млрд сомдон ашык суммага кепилдик берилди.

 

Кепилдик фонддон билдиришкендей, кепилдик аркылуу ишкерлер 8 млрд 412 млн сом көлөмүндөгү кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыздады.

 

Маалыматка таянсак, жалпысынан ишкерлерге фонд өз ишмердүүлүгү учурунда 10 987 кепилдик берип, 11 млрд 76 млн сомдон ашык суммада колдоо көрсөткөн. Анын натыйжасында алар 34,4 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды алышкан.

 

Финансылык каражаттар өлкөнүн бардык региондорунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Кепилдик фонд айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм жана башка тармактарга артыкчылык берет. Ошондой эле экспортко жана импортко өзгөчө көңүл бурат.

 

Кепилдикти камсыз кылуу маселелери боюнча жарандар 0556 62 53 79, 0554 17 71 05, 0312 62 53 79 телефондорунан же фонддун сайтынан кененирээк маалымат алса болот.

Связанный пост