Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Келишимдин негизги максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо болуп саналат.
Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишим Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.