Адылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Якутиянын (Саха Руспубликасы) башчысы Айсен Николаев менен жолугушту.

 

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык байланыштарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жана тыгыз соода-экономикалык кызматташтыкты белгиледи.

 

Ал эки тараптуу мамилелердин өнүгүү динамикасына баа берип, Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү акыркы төрт жылда өскөнүн белгиледи.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, ал туруктуу экономикалык өсүшкө алып келгенин билдирди (үч жылда ИДП 7%дан ашык өстү, бюджет эки эсеге өстү).

 

Ал ошондой эле кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жана аймактар аралык конференциянын ийгиликтүү ишин белгилеп, Саха Республикасынын делегациясын Кыргызстанда өтө турган кийинки конференцияга активдүү катышууга чакырды.

Адылбек Касымалиев гидроэнергетика жана тоо-кен тармагындагы кызматташуунун келечегин белгилеп, Кыргызстан менен Якутиядагы өнүгүүнүн окшош приоритеттерине токтолду.

 

Өз кезегинде Айсен Николаев экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө эки тараптын кызыкдар экенин, инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, сооданы кеңейтүү пландарын белгиледи. Ал ошондой эле Саха Республикасы келечектеги аймактар аралык конференцияларга активдүү катышууга жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.

 

Соңунда эки тарап тең Айсен Николаевдин иш сапары жемиштүү болоруна жана Кыргызстан менен Саха Республикасынын аймактар аралык байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишенимин билдиришти.

Связанный пост