Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

 Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү коргоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан улуттук суу форумунда айтты.

“Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын сакталышы – мунун баары бизден кечиктирилгис жана координацияланган чечимдерди кабыл алууну талап кылат”, – деди Төрөбаев.

Ошондой эле Төрөбаев биргелешкен аракеттер менен гана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактап, келечек муундар үчүн аймакты таза суу менен камсыз кылууга болорун белгиледи.

Белгиленгендей, акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү, суунун булганышы, жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу жана экосистеманын начарлашы, Ысык-Көлдү ар кандай көптөгөн коркунучтардан сактоо үчүн алдын-ала тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур кылууда.

Связанный пост