Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду
Президент Садыр Жапаровдун Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-герман биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Sonnenergie, a.s.”, “AB Progressio GmbH”, “LTI ReEnergy CleanTech Project Development UG” компанияларынын, “СЭС Токтогул” ачык акционердик коомунун, “СЭС Токтогул КГ” ачык акционердик коомунун ортосундагы эки калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен telc gGmbH ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги, telc gGmbH жана DVV International ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын Европа жана эл аралык иштер боюнча мамлекеттик министри, Кам районунун администратору жана Германиянын иш менен камсыз кылуу Федералдык агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен германиялык “SLG SPITZKE LOGISTIK GmbH” компаниясынын ортосунда поезд машинисттерин даярдоо маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Любек университетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Көз карандысыз изилдөө институтунун ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Intertek GmbH” компаниясынын ортосундагы кызматташуу ниеттери жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен “NISBAU Anlagentechnik GmbH” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын туристтик ассоциациясынын (“Deutsche Reiseverband e.V.”) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандум (2025-жылы Кыргыз Республикасында Дестинация форумун өткөрүү жөнүндө);
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын туристтик ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум (“Deutsche Reiseverband e.V.”);
– Электр энергиясын сатып алуу жөнүндө Макулдашуу (PPA-КОНТРАКТ):
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Siemens Energy Global GmbH & Co. KG” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен “SBS Holdings” компаниясынын ортосундагы акылдуу үйлөр үчүн тетиктерди чыгаруучу фабриканы куруу жана эксплуатациялоо боюнча МЖӨ долбоорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– “ODDO BHF AG” банкы менен “Текстиль Транс” компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Потсдам Климаттын өзгөрүүсүн изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Фрайберг Тоо академиясынын техникалык университети ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу.