Бишкек шаарында курулуш учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон объектинин курулушу токтотулду
Бишкек шаарында курулуш учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон объектинин курулушу токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Тыналиев/ Ахунбаев дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак жайларды куруп жаткан «Беш Сары» ЖЧКсынын курулушу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана курулуш ченемдерин сактоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик инспектор курулуп жаткан имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 200 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талаптар берилди.
Белгиленген бузуулар четтетилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо жумуштары токтотулду.