Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат

 Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

– Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү.

– Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө комиссия алууга тыюу салуу жайылбайт.

– Комиссия алууга тыюу салуу Кыргызстандын ичинде сом менен акча которууларга, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарына которууларга да тиешелүү.

– Комиссия алууга тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү. Чет элдик валютадагы акча которууларга жайылбайт.

Связанный пост