Жакын арада жол тармагын тейлөөгө 1250 атайын техника тапшырылат
Жакын арада жол тармагын тейлөөгө 1250 даана жаңы атайын техника тапшырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн парламент жыйынында билдирди.
Жыйында төрага бул маселе боюнча өлкө жетекчилиги менен сүйлөшкөнүн айтты.
“Ошол келе турган заманбап техникалардын 750сү Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынууда. Мындан тышкары, фонддун жардамы менен 2027-жылдан тарта бардык айылдагы жолдорго, ал тургай жайлоолорго кеткен каттамдардын баарына асфальт төшөлөт. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнбөйт, бүткүл жолду оңдоо иштери Жол фондунун эсебинен аткарылат”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 2022-жылы жол тармагын өнүктүрүү жана ага керектүү каржылык базаны чыңдоо багытында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында Жол фонду түзүлгөн.