Акылбек Жапаров Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты.
Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүүдө, республика боюнча 2443 шайлоо участогу уюштурулган.
Өлкөнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону өткөрүү 2024-жылдын 17-ноябрына “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык дайындалган.