Кыргызстандан жыл башынан бери 28 миң тоннадан ашык сүт азыктары экспорттолду

 Кыргызстандан жыл башынан бери 28 миң тоннадан ашык сүт азыктары экспорттолду

2024-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 28 миң 533,8 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 064,1 тоннага көп. 2023-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 24 469,7 тоннаны түзгөн.

Анын ичинен:

  • сыр – 1 130,0 тонна;
  • шоро – 119,5 тонна;
  • курут – 3,3 тонна;
  • каймак май – 1 851,8 тонна;
  • балмуздак – 4 476,0 тонна;
  • каймак – 660 тонна;
  • кургак сүт – 816,4 тонна.

Связанный пост