Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында болду

Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында болуп, ал жердеги бейтаптарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү шарттары менен таанышты. Иш сапарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коштоп жүрүштү.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган курулушу кыргыз-түрк достугунун жана кызматташтыгынын бекем белгиси болгон медициналык мекеменин расмий ачылышын өткөрдү. Белгилей кетсек, аталган оорукана Кыргызстандын жарандарына мурда жетишилген келишимдердин негизинде 2021-жылдын октябрь айында медициналык кызмат көрсөтө баштаган. Өткөн жылы ооруканада үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалып, 2024-жылдын июнь айында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баалоо максатында , анын ысымы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына ыйгарылган.

Связанный пост