Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуунун негизги маселелерин, анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн, туруктуу өнүктүрүү демилгелерин жана аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, быйыл Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы жемиштүү жана көп кырдуу өнөктөштүктүн 30 жылдыгы белгиленет, ал тараптарды жалпы долбоорлорго жана милдеттерге бириктирип гана тим болбостон, туруктуу экономикалык өсүш жана өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө негиз болду.
«Отуз жылдын ичинде биз жупуну башталыштан өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги тармактарын камтыган ири долбоорлорго өттүк. Бул долбоорлордун маанисин баалоо оңой эмес – алар учурдагы зарылчылыктарды гана колдобостон, келечектеги багытты да белгилейт.
Акылбек Жапаров республиканын экономикасын өнүктүрүүдөгү акыркы жетишкендиктери тууралуу айтып, ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуулугун баса белгиледи – Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул долбоорлордун кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдалары жана келечеги бар.
АӨБ вице-президенти Инмин Ян Азия өнүктүрүү банкынын жалпы максаттарга жетүү, өлкөнүн гүлдөп өсүшү үчүн республика үчүн маанилүү болгон долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу, Кыргызстанда социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу үчүн жигердүү кызматташууну улантууга жана зарыл ресурстарды берүүгө даяр экендигин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда бир катар олуттуу келишимдерге кол коюлду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев жана АӨБнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Чжэн Ву келишимдерге кол коюшту: Ысык-Көл айланма жолун (Барскоон – Каракол) жакшыртуу долбоору, айылдык аймактарды кошумча каржылоо. Нарын облусунда суу менен камсыз кылууну жана канализацияны өнүктүрүү программасы, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылга карата каржылоо планы боюнча алкактык макулдашуу.