Калкты тейлөө борборлору 5-6 ноябрда штаттык режимде иштейт
Кыргызстанда бардык Калкты тейлөө борборлору менен райондор аралык бөлүмдөрү 5-6-ноябрда штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекемелер 08:00ден 18:00гө чейин (12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу) жарандарды тейлешет.
Ошондой эле 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөөгө байланыштуу КТБлар менен РАБдар бул күндөрү иштешпейт.
Документтештирүү маселелери боюнча жарандар төмөнкү маалымат каналдары аркылуу кайрылышса болот:
Телеграм канал: https://t.me/drndigital;
Колл-борбор: 119 (чалуу акысыз);
СӨМдүн сайты: digital.gov.kg.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды жогорудагы маалыматты эске алуу менен КТБлар менен РАБдарга барууну алдын ала пландоого чакырат.