Маданиятты өнүктүрүүгө 2025-жылы 3 млрд сом бөлүнөт

 Маданиятты өнүктүрүүгө 2025-жылы 3 млрд сом бөлүнөт

Маданиятты өнүктүрүүгө 2016-жылы 30 млн сом бөлүнсө, 2025-жылы 3 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бүгүн Изибаев атындагы мамлекеттик циркинин реконструкциядан кийин орун алган ачылышында билдирди.

 

“2016-жылы ызы-чуу болуп атып маданият тармагына 30 млн сом бөлүнгөн. Ага биз төбөбүз көккө жетип кубандык эле. Бүгүн биз ал күндөрдү жылмаюу менен эстеп отурабыз.

 

Алдын ала айтып койгонум үчүн өлкө жетекчилеринен кечирим сурайм, бирок кубанычтуу жаңылык менен бөлүшкүм келип турат. Келерки, 2025-жылы маданият тармагын өнүктүрүүгө, кошумча 3 млрд сом бөлүнгөнү турат”, – деди ал.

Связанный пост