Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды

 Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Нурлан Мотуев социалдык тармактагы баракчасына видео чыгарып, анда Кыргызстандагы бир улуттун өкүлдөрүнө карата жаман сөздөрдү айтып, улуттар аралык кастыкты козуткан. Ал видео боюнча экспертиза дайындалып, анын сөздөрүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген жыйынтык чыккан.

 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Мотуев шектүү катары кармалган.

 

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Связанный пост