Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду

 Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду

Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат:

– кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”;
– баасы: 200 сом;
– жарактуу мөөнөтү – 1 ай.

Маалыматты кантип алса болот:

  • Tunduk тиркемесин жүктөңүз;
  • Жекелештирүүдөн (авторизациялоо) өтүңүз;
  • “Маалымкаттар” кызматын тандаңыз;
  • MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүңүз.

Белгиленгендей, кызмат бир нече баскылоодон кийин эле өзүңүздүн телефонуңузда жеткиликтүү болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн бардык аракетин жумшоодо.

Связанный пост